Ишкерден 200 миң сом талап кылган салыкчы кармалды

Жалал-Абад шаарында жеке ишкерден 200 миң сом пара талап кылган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абадда иштеген ишкер салыкчы андан 200 миң сом талап кылып жатканын айтып кайрылган. Бул арыз боюнча Кылмыш кодексинин 313-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча иш козголуп, ыкчам аракеттер көрүлгөн. Анын алкагында салык кызматкери ишкерден 80 миң сом алып жаткан маалда колго түшүрүлдү.

5-октябрда соттун чечими менен кылмышка шектүү Бишкектеги №1 Тергөө абагына камакка алынды.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу