Ишиңиз алдыга карай жүрсүн десеңиз…

Сүйүктүү жумушуңуз мурункудай жакшы таасир бербей жатабы? Жумушуңуз бирдей, кызыксыз боло баштадыбы? Бул учурда сизге сергип, жумушуңузга башка көз караш менен карап көрүү керек. Төмөндөгү кеңештерге кулак салып, жумушуңузга жаңы дем бериңиз.

Кыялданыңыз

Жумуштагы күнүмдүк иштерди эч ойлобостон иштей бергендин ордуна, ушул жумуштун сизге эмне бере аоа турганы тууралуу ойлонуп көрүңүз. Жогорку кызмат, жетиштүү айлык акы… Мүмкүн бир айдан кийин сиз эң жакшы кызматкер аталып калат чыгаарсыз? Же болбосо кезексиз сый акынын ээси болуп калаарсыз? Ал акчаны эмнеге коротот элеңиз? Жаңы кийим, унаа, саякат… ушул тууралуу бир аз кыялданып, өзүңүздүн келечектеги максаттарыңызды ишке ашырыңыз. Бул жумуштан эмне кааларыңызды аргументтеп, жумуш күнүмдүк иш-чаралар гана эмес, ошол эмгектин жемиши да экенин эске түшүрүңүз.

Жумушуңузду кичинекей тапшырмаларга бөлүп таштаңыз

Жумушуңуз өтө оор болсо, аны кичинекей тапшырмаларга бөлүп,алуу аркылуу өзүңүздү психологиялык жактан жумушуңузду аткарууга үгүттөңүз. Чоң иштерден көрө кичинекей тапшырмаларды жасаган оңой эмеспи? Тапшырмаларды ирети менен аткарып, ар бир аткарылган тапшырма үчүн өзүңүздү мактап, белек тартуулаңыз. Мисалы 2 саат катары менен жумушуңузду жасасаңыз, өзүңүзгө ысык чай, же таттуу, же интернетте отурууга үзүлүш берсеңиз болот.

Жетиштиктерди эске алыңыз

Ийгиликсиздиктердин таасиринен жумуш иштөөгө эч убактыңыз болбосо, өзүңүздүн жетиштиктериңиздерди эске түшүрүңүз. Сизге акыркы жолу айлык көтөргөн же болбосо жыйналышта сизди мактаган убактарды, жеңичү аталган кандай жакшы экенин эске алып, жаңы жетиштиктерди багындырууга киришиңиз.

 БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу