ИШЕН НАЗАРОВ, ырчы:»Мен аткарган «апакем» аттуу ырым элге бат жайылат деп ойлогон эмесмин»

Кайгымды тарттың темселип, Карыздар ким бар менчелик? Жүк болгон күнүм эстесем, Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп… деген ыр саптарын жан дили менен берилип, ийнине жеткире аткарган Ишен Назаровдун “Апакем” деген ыры кимди гана болбосун ойго салып, муун-жүүнүн бошотуп, асыл апаларды көзү тирүүсүндө сыйлап, барктап алууга үндөйт. Менимче, бул ырды уккан адамдардын бардыгы, ошол замат апаларына телефон чалып, жакшы көрөрүн айтышса керек… Дал ушул чыгарма аркылуу элге таанылып, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап, чыгармачылыктын чыйыр жолуна кадам таштап келаткан жаш ырчы Ишен Назаров бүгүн биздин кадырлуу коногубуз болмокчу. -Саламатсызбы! Айтсаңыз деги эле өнөр чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз? -Бала кезде айылда мектептерде ырдап жүрчүмүн. Музыкага шыктуу болгон жаным жана үй-бүлөмдүн баары ыр жандуу музыкант болушкан. Мен ошолордун жолун уладым десем болот. Анан кийин Бишкекке келип Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшыргам. -Бул тармакта канча жылдан бери алектенип келесиз? -Чыгармачылыкка аралашканым 2012- жылы башталган. Алты жылдын жүзү болуп калды десем жаңылбайм. -Ырчылар көпчүлүк учурда чоң сахнага чейин кафе-ресторандарда ырдап тажрыйба топтойт эмеспи, сизде да ошондой болду беле? -Чоң сахнага чыкканга чейин такталуу жолубуз деп койсок да болот,окууда жана ошол эле чакан концерттерде ырдап жүрдүм. Бирок көпчүлүк учурларда куда тосуу тойлордо аккардеон, комуз менен үч бала болуп ырдап жүрдүк. Учөөбүз төрт беш жылдай ырдадык.Кийин чоң сахнага чыгууга акырындап даярдана баштадык. -Сиздин “Апакем” аттуу чыгармаңыз элге тарап популярдуу болуп кетет деп ойлодуңуз беле? — Чынын айтсам, мынчалык элге бат тарайт деп ойлобогом. А бирок популярдуу кылууга ниет бар болчу. Бул ыр менин чыгармачылыктагы чыйыр жолумдун алгачкы башаты жана ийгилиги болду, али баары алдыда. Мындан да сонун, элдин жүрөгүнө жете турган ырларды ырдоого аракет кылам. -Бул чыгарманын автору ким, кандайча ырдап калдыңыз? -Авторлоруна токтоло кетсем, сөзү төкмө акын Баян Акматовдуку,обону Кубаныч Алиевдики. Ушул байкелер мага ишенип бул чыгарманы беришкен. Анан алардын көңүлүн калтырбаган чыгарма болду десем жаңылбайм. Негизи ырды укканда эле мага аябай жагып калды.Бирок ырдап калам деп ойлогон эмес элем. -Дагы кандай жаңы чыгармаларды элибизге арнаганы жатасыз, жакынкы арада? -Чындыгында аракет кылып жатабыз, сааты чыкмайынча азырынча бүтпөйт окшойт. Бирок жаңы чыгарманы сапаттуурак чыгарсак деп жатабыз, анын үстүнөн учурда иштеп жатабыз. Кайсыл чыгарма экени азырынча сыр болуп турсун. Учурда үч чыгарманы тандап алардын ичинен бирөөсүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. -Ата-энеңиз,үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз? — Атам Урмат абдан тартипке катуу киши. Биз бир туугандар атамдын көз карашынан эле баарын байкап, аңдап турабыз. Атам чыгармачылыкты түшүнгөн  инсан. Көп жылдардан бери Аксыдагы Жеңижок атабыздын музейин жетектеп иштеп келатат. Элдин адамы десем жаңылышпайм. Кээде менден: кумириң ким?- деп сурап калышат. Ошондо атамдай киши болсом, жаман болбойм деп жооп берем. Өзүм да атама окшошмун. Ал киши дагы менин жакшы жагымды укса: “Өзүмдүн балам”, — деп мактап калат. Кокус жаман жагымды угуп калса: “Сенин балаң, сенин тарбияң”, — деп апамдын баласы кылып коет. Менин апамдын аты Алымкан. Ал өзгөчө киши. Ашкан мээримдүү, жароокер жан. Кандай мактоо болсо да жарашат. Ар бир балага өзүнүн апасы кымбат. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын 7-симин.  Ата-энем 5 бала 3 кызды тарбиялап чоңойтту. Эми өзүмдүн чакан үй-бүлөм жөнүндө айта турган болсом, 2015-жылы Наргиза деген ашык болгон кызыма үйлөнгөм,- Нарындын кызына. Адеми деген кызыбыз бар. Адемини көргөндө чарчаганымды да унутуп калам… -Учурда эмне менен алек болуп жатасыз? -Учурда элден калбай биз дагы Көчмөндөр оюнуна барып келдик. Аксыдан ата-энемди алып келип жана өзүмдүн үй-бүлөмдү алып, төрт-беш күнгө барып эс алып келдик. Азыр шаардамын, ишибиз башталды десем болот, той-топур дегендей элибиздин жакшылыгында кызматта жүрөбүз. -Тойлорго көп чакыруу болсо керек, сыр болбосо ставкаңыз канча? — Тойлорго ар кандай бара берем, мынча деп “ставка” койбойм. Той ээсинин капчыгына жараша болот. Ставка бекерден өйдө (күлүп). Эң негизгиси чын жүрөгүнөн  болсо, кызмат кылганга ар дайым даярбыз. -Кыргыз сахнасында жакын досторуңуз кимдер? -Албетте, чыгармачылыкта достор көп. Үй-бүлөлүк катнашта көбүнчө чогуу жүргөн “Музаман” тобунун жигиттери. Актёрлор бар. Негизи досторум жакшы, азыр бирин айтсам бири айтылбай таарынып калышат деп ойлойм. Өзүм дагы достукка бекем турган адаммын. -Кайсы акын-жазуучулар менен иштешесиз? -Так бир акын менен иштешип көрө элекмин. Буюрса “Апакем” ырынан кийин ыр жаздырардан мурун сөзүн акындарга текшертип, оңдотуп анан элге ырдап чыксам дейм. Азырынча Баян Акматов байкебиз менен иштешип жатам. Ырларымдын тексттерин ошол байкебизге көргөзүп, текшертип алып турам. БУЛАК: Тамчы

Аргумент.kg
Жооп калтыруу