Ишенгүл Болжурова ойгонду

Майрам Акаеванын ынак курбусу катары үлкөн кызматтарды аркалап, мансаптын таттуу
даамын татып, жашоонун маңыздуу доорун жакшы эле сүргөн Ишенгүл Болжурова
эжебиз, Аскар Акаевден оомат кетип, Москвадан орун-очок алгандан бери саясаттан өзүн
оолак кармап, эл көзүнө көрүнгөндөн тартынып калган эле. Бирок бийлик кумары
жанына тынчтык бербей араң жүргөнбү, президенттик шайлоонун астында шылтоого
шыноо болуп «жарк» этти. Түз эле «Кыргызстанга өлкөнү касташтырбай, достоштурган
президент керек», -деп кыйкырып чыкты. Андай адамы дагы бар экен. Ал Сариев экен.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу