Ишенбек Курманакунов, «Мекенчил» партиясынын мүчөсү: «Жаш балдарды сабаган милиция Батукаев качканда каякта эле?!»

 

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Ишенбек Курманкунов партиялаштарынын ур токмокко алынганын сынга алды: «Садыр Жапаров өз эрки менен Кыргызстанга келүүсүн, УКМКга сурак бере турганын айтып эскерткен. Бирок, ага карабай күч органдары анын келишине чек арага чейин куралданып, үч төрт автобус менен жоону чапчудай камынып барышты. Аны, өтө коркунучтуу кылмышкердей колун кайрып, уурдап кетишти. Аны күтүп аткан тарапташтары боштондугун талап кылып чогулдук. Тынч турган элдин арасына чагымчылдар атайын кирип, желим бөтөлкө ыргытышты. Ошол маалда куралданган маскачандар бизди аткылап, кармап алып сабап, карапайым элге кордук көрсөттү. Тынч тургандардын колу бутун матап сүйрөдү. Аял, кыз жана жаш бала экенине карабай айбанчылык мамиле кылышты. Мындай кордукка Россия жана Казакстандан келген боордошторубуз кабылды. Алар, башка элде кордук көрүп, түрткүнчүк болгону аз келгенсип өз бийлигинен тепки жешти. Мен көрүп турган эжелер ызага чыдабай ыйлашты. «Өз элибизде, өз жерибизде көрөрүбүз ушул беле»,-деп жашыды. Мындай айбанчылык мамиле менен бийлик өзүнүн элине кылган мамилеси кандай экенин билдирди. Бул өтө туура эмес иш. Мындай кадам бул бийликтин чыныгы жүзүн ачып берди. Карапайым элди сүйрөп, кордогон милиция Батукаев качканда каякта эле?!     Же, булар алсыздарга гана күчү жетеби?»,-дейт «Мекенчил» партиясынын өкүлү.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу