Ишенбай Кадырбеков: «Бүгүнкү «кошелок парламент» өлкө саясаты үчүн коркунучтуу»

— Ишенбай Дүйшембиевич, эки айлык тыныгуудан кийин Жогорку Кеңеш кайрадан ишин баштады. Көз ачып жумганча үч жыл өтүп, парламенттин эки жылдык ишмердик мөөнөтү калды. Дегеле, бул чакырылыштагы парламентке кандай баа бересиз?

— Азыркы парламенттин чоң катасы — өзүнүн ыйгарым укуктарын билбегендиги. Кыргызстан — парламенттик өлкө. Конституция боюнча парламентке чоң ыйгарым укук берилген. Президенттен дагы, өкмөттөн дагы ыйгарым укугу чоң. Бирок, иш жүзүндө эң үн катпаган, «кошелек парламент» ушу чакырылыш болду. Бул өтө өкүнүчтүү эле эмес, өлкө саясаты үчүн коркунучтуу… Үч жыл мурун жаңы парламент шайланып келди. 99 пайыз депутаттар парламент эмне экенин билишпейт эле. Өз ишин аткармак түгүл, 1-класска жаңы келген окуучудай үйрөнүштү. Үч жылдан бери бир аз бутка туруп, парламент эмне экенин, ыйгарым укугун эми-эми биле баштаган.

— Бул чакырылыштагы парламенттин алдында кандай маанилүү милдеттер турат?

— Кечээ V сессияны ачыппы. Парламент көп маанилүү иштерди жасаш керек. Мурдагы президент кетеринде чалды-куйду саясат кылып кетти. Көп саясатчыларды болбогон күнөөлөрдү илип, соттоп, камады. Ушул эле парламент аларды колдоп, жөлөк болуп бергенге жараган жок. Кеч болсо да ушул жагын ойлошу керек. Парламент үчүн негизги милдет ушу да. Экономика дагы орчундуу маселелерден. Карыздарыбыз ИДПнын 60 пайызынан ашып кетти. Өлкөнүн карызга батышына ушул парламент жол берди.

— 2020-жылы күзүндө парламентке кайрадан шайлоо болот. Эки жыл аз эле убакыт. «Парламент жасап кетиши керек» деп кайсы негизги ишти айтаар элеңиз?

— Шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгилейм. Бүгүн бизде мандат товар болуп калды. Сатуучулар бир адамдар, сатып алуучулар депутаттар. Мандат сатып алыш үчүн эмне деген каражаттарды сарптап жатышат. БШКнын маалыматы боюнча, өткөнкү парламенттик шайлоодо 800 миллион сомдой акча кетиптир. Бөлүп көрсөк, бир маңдаттын баасы 6 миллион сомго туура келет. Депутат болуп, мандат алыш үчүн 6 миллион сом кетет деген не шумдук?! Расмий эмесин кошкондо, мындан да көп. Эл өзү каалаган адамын депутат кылганга мүмкүнчүлүгү жок болуп калды. Ким депутат болорун партия лидерлери чечет. Парламент бул коркунучтуу маселени чечип кетиши зарыл. Антпесе, тарыхый функциясын аткара албай калган болот.

— Өлкөнүн тарыхында кайсы чакырылыштагы парламент купулуңузга толгон жок?

— Баардык жагынан эң начар чакырылыш ушул чакырылыш болду эмнегедир. Парламентте да формалдуу лидерлер болуш керек. Бирөөлөргө жагабы-жакпайбы, мыйзам жазуу жагынан да, саясый уюштуруучулук жагынан да лидерлердин сап башында Өмүрбек Текебаев турчу. Ошондой лидерлер чыгып, алардын ордун баса алса, ошолор калган депутаттарды ээрчитип кете алса, парламенттин деңгээли көтөрүлмөк. Тилекке каршы, азыр андай адам жок. Фракция лидерлеринин арасында да кимдир бирөөнүн чыгарына көз жетпей турат. Бир фракция ээрчитип кетээр деп үмүт кылсак, «Ата Мекен» лидери жок аксап, ишке жарабай калды. «Өнүгүү-Прогресстен» үмүт да кыла албайбыз. КСДП ичинен ирип, ыдырап жатат. «Кыргызстан» менен «Бир Бол» бизнес долбоорлор, алар «эптеп беш жыл өтсө, бизнесибизди коргоп, бийликте отура турсак» деп жашап келатышат. Демек, кимге ишенебиз? «Бир гана жаңы шайланган президент жакшы иштеп берсин» деп тилек кылгандан башка арга жок.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу