ИЧТИ ИРИТКЕН ИЛЕОН-ИТ, КАЙРАН БИЙЛИКТИН ҮМҮТҮН ҮЗДҮ!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВДИН сотунда негизги күбөлөрдүн бири болгон Леон-ИТ Маевский деген аферисттин паспортунда анын 2010-жылдын май айында Кыргызстанга келгени тууралуу басылган мөөрү дегеле жок болуп чыгыптыр. Мына кызык тамаша! Таппасаң гана сыйпалап кал дечү беле?.

Ал эми ал шудуңгут «2010-жылы 13-майда Кыргызстанга келип Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ жана Дүйшөнкул ЧОТОНОВ менен жолугушкам» деп кара жанын жебеди беле? Эми суроо туулат. Анда ал кантип, качан, кайдан, эмне менен келип калган? Же жердин астын тешип, ошол «тоннели» аркылуу кирип келгенби? Леон-ИТ эмне, сокур чычканбы? Эми ошол ишеничтен кетип бүткөн, Кудайдан жөө качкан «сокурдун» соктуруп койгон карандай «лапшаларына» ишенген биздин билерман болумуштарга кантип бооруң оорубайт? Ачыгын айтканда аларга да кыйын эле болду го? Эми эмне кылышат, кандай айла табышат? Же куу тумшук кротун кайра чыккан тешигине тыгышабы?

Мындай болгон күндө тиги сот сөрөй эмнеге мынча көжөлүп, кебетеси бузулгуча көгөрүп, кайсы күнөөнү тагалбай кара жанын карч уруп, жанталашып жатат? Деги ушундай «беспределге» түшүнгөн жан барбы? Ооногу жактан буйрук берип, сот болумуштун көчүгүн толгоп жаткандардын анча-мынча болсо дагы ар-намыс дегени кайда? Ошонусу ойгоноор бекен?

Асыран Айдарлиев,журналист.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу