Ичкен тамагын «ириткен» Жукалаевге ИИМдин алы жетпейби?

Кыргыз эли «Бир карын майды бир кумалак чиритет» деген накыл кеп айтып келет. Мына ошол «кумалак» Жукалаев деген эргул болуп чыгып, жалпы милиция кызматкерлеринин атына көө жаап туру.

Эсиңерде болсо, Ысык-Көл областтык МАИ кызматкери Бакыт Жукалаев Боом капчыгайында жайгашкан кафелердин биринде тамактанып, ичкен тамагына «мусор» салып акчасын төлөбөй кеткендиги боюнча видео тарады эле.

Видеодон так көрүнүп турат, тамак ичкен идишине «мусор» салып туруп кызматкерди чакырып көргөзүп жатканы. Уят дегенден таптакыр кур жалак калган Жукалаев өңдүү «иритки» кызматкерлердин айынан жалпы формачандардын дарегине нааразычылык күчөп атканы жашыруун эмсс да.

Айтмакчы ал Жукалаев кызматтан кеткенин ИИМ билдирген. Бул калыстык болгон экен деп калк да коштоп турган. Бирок, ал эргул кайра эле районго келип иштеп
жатканы маалым болду Таянганы таңка го! Же бул ичкен ашын ашына да да акы төлөгүсү келбеген эргулга бүтүндөй ИИМдин алы жетпейби?

Булак: Де-факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу