Ичкен кудугуна түкүргөндөр көбөйүүдө

Шайлоо далайдын бет пардасын сыйрып жатат. Жылуу көңүл издеген айрым
аткаминерлер азыртадан оомат оогон тарапка өтө качышууда. Саткындар менен
кошоматчылардын күнү тууду. Ырасында президент болууга мүмкүнчүлүгү бар делген
Жээнбеков, Сариев, Төрөбаев, Бабановдор ким өз киши, ким тыңчы экенин айырмалай
деле албай калышты өңдөнөт. Дегенибиз, хамелеондор биринен-бирине өтө качып,
баштары маң болгон кырдаал жаралып жатат. Андыктан ар бир штабда күмөндүү, шектүү
көз караш менен бирин-бири аңдышкан топтор пайда болду. Мына «Өнүгүү-Прогресс»
партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Абдумажит Юсуров: “Алдыдагы
шайлоодо Сооронбай Жээнбеков фаворит болот, анткени аны эл колдоп жатат, эл
арасында ал тууралуу жаман пикирлер жок. Ал өзүнүн сапаттары менен алдыдагы
шайлоодо жалгыз күчтүү талапкер болууда”, – деп Бакыт Төрөбаевди «сатып» кетти.
Мындайлар толтура.

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу