Иттин этин кандай учурда жесе болот?

Окурманыбыздын, “Дарылык катары иттин, жыландын же баканын этин жесе болобу?” деген суроосуна теолог Кадыр Маликов жооп берди.

Саламатсызбы Bilesinbi.kg! Жакында тайкем катуу ооруп калды. Анализ тапшырса, “кургак учук” деп чыкты. Күндөн-күнгө арыктап баратат. Апамдар “иттин этин жеп көрсөңчү”, — десе, “иттин эти арам”, — деп баш тартып жатат. Сурайын дегеним, мусулмандар иттин, баканын же жыландын этин жесе болобу?

Исламда курандан алынган эрежелер бар. Ага ылайык, өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөш болсо, жашоону сактап калуу үчүн тыюу салынган нерселерди колдонууга уруксат берилет. Тактап айтканда, адам катуу ооруп калса, альтернативдүү дарылоо жолдору табылбаса, динибиз бака, жылан же ит сыяктуу жаныбарлардын этин жегенге уруксат берет.

Мисалы, дарыгер “препараттар жардам бербей калды, мен сизге жыландын этин жеп көрүүнү сунуштайм”, — деп айтса, мусулман адам баш тартып жебей каза болуп калса, анда ал өз өлүмүнө “күнөөкөр” болуп эсептелет.

Кээ бирөөлөр профилактика үчүн ресторан, кафелерге барып, атайын иттин этин жешет. Динибиз буга катуу тыюу салат!

БУЛАК:bilesinbi.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу