ИТКЕ АК КАЛПАК КИЙГИЗИЛИП ЧЫГЫШЫ БОЮНЧА ДЕПУТАТТАР ҮН КАТТЫ.

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар ак калпактын итке кийгизилишине нааразычылыктарын билдиришти.

Депутат Тазабек Икрамов интернет айдыңына кыргыз улутунун намысына шек келтирген видео чыгып кеткендигине токтолду. “Бишкек парк” соода борборундагы иш-чарада итке ак калпак кийгизилип чыгышы – кыргыз элинин сыймыгы, намысы болгон ак калпакты урматтабагандык”,- деген эл өкүлү ал иттин ээси жазасыз калтырылбашы керектигин билдирди.

Мындай теманы улаган депутат Улукбек Ормонов мамлекеттик символдор, “Манас” эпосу жана башка улуттук ар-намысына түздөн түз тиешеси болгон мыйзамдарды тизмектеп, КР Өкмөтүн жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга жол бербөө үчүн Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Жылдын ийгиликтери менен кемчиликтери тууралуу айткан депутат Рыскелди Момбеков дагы итке ак калпактын кийгизилишине улуттун ар-намысын коргоодо прокуратура, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети баштаган тиешелүү маморгандар үн катпай жатканына катуу сынга алды.

БУЛАК:KAGANAT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу