Исхак Пирматовдун Аида Саляновада кандай өчү бар?..

Аида Салянова депутат кезинде маанилүү мыйзам долбооруна демилгечи болуп, Улуу Ата мекендик согушта курман болгон же дайынсыз жоголгон адамдардын жакындарына социалдык кепилдиктерди берүүгө багытталган “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, ал тармактык комитетке экинчи окуунун режиминде кайра кайтарылганы баарына маалым.

Бул мыйзам долбоорун Аида Салянова биринчи окууда да Комитет төрагасы Аскарбек Шадиевдин ар-кандай тоскоолдуктарына моюн бербестен өткөрүүгө жетишкен. Ал эми Аскар Шадиевдин ордуна Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп келген Исхак Пирматов Аида Салянованын депутат эместигин пайдаланып, бул мыйзам долбоорун четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алган. Акыры талаш-тартыштардан улам Ата-Мекен фракциясынын ыкчам аракетинин акыбети кайтып, бул мыйзам долбоору 3-окууда кайра карала турган болуптур.

Эмне себептен бул мыйзамды кабыл алууда биринчи жана экинчи окууларда тоскоолдук жаралган? Анын сыры жөнөкөй. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин буга чейинки төрагасы Шадиев баш болуп, азыркы төрагасы Пирматов төш болуп мыйзамсыз иштерден кулактары көрүнүп келет. Шадиевдин качып кетиши буга далил. Ал эми «этеги жаман жерден айрылган» Пирматовго келе турган болсок, Аида Салянова Башкы прокурор болуп турганда анын бир топ мыйзам бузган фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгоо үчүн Жогорку Кеңешке келгенде депутаттар Пирматовду кылмыш жообунан коргоп калышкан. Ошондон улам Пирматов Аида Саляновада өчү барбы айтор, анын мыйзамын көк беттикке салып өткөрбөй коюга далалат жасоодо.

Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мекендештерибиздин Согушта курман болгон жакындарынын коюлган жерлери аныкталган учурда, мамлекет тарабынан атайын каражат бөлүнүп, үчтөн кем эмес жакындарын ал жакка алып барып келүүгө өбөлгө түзүлмөк. Бул дагы болсо Аида Салянованын өткөнгө саресеп салып, ата-бабаларыбыздын эрдигине таазим этип көрсөткөн сый-урматы десек туура болот. Анын алгылыктуу демилгесине тоскоолдук жаратып, ата-бабаларыбыздын эрдигин тебелеген депутат сөрөй жепжутарларга сөз жок.

Негизи мындай керектүү мыйзамды кабыл алууда кандайдыр бир эски таарынычтарды кое туруп, карапайым калктын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу керек эмеспи. Эгерде ошол согушка катышып, бизге жеңишти, жаркын жашоону тартуулаган аталарыбыз болбогондо ушул күндү көрөт белек, же Пирматов каалаганын калчаган ушул күнгө дуушар болот беле?

Булак: Чындык 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу