Исхак Масалиевге туз суроо: “Акыркы убактагы “рамкадан” чыккан “секириктериңизге” эмне себеп болууда?

Кызык адамдар арабызда арбын. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Кезинде казино дегендин катыгын берчү бул депутат аталган кумарканалар жабылганы ар нерсени айтып убакыт өткөрмөйгө өттү окшойт. Ооба, коммунисттик партиянын шинелин жамынып чоңойгон Исхак мырза өзгөчө эсил кайран СССрди сагынат. «СССРде эн башкысы социалдык коргоо деген бар эле. Жарандар акысыз билим, медициналык жардам алышчу. Ал эми жаш адистер уй, жумуш менен камсыз болушкан. 35 жаштан жогорку курактагыларын көбү эле СССРдеги жашоону мактаары бышык. Азыр жаныңды карч уруп иштөө керек», — деп үшкүрүнүп, өткөн доорду эңсей өңгөчүн тартат.

Бир туруп, Исхак мырза социалдык тармактарга аялдардын макияжы жана кийими тууралуу пикир таштап, кайра аны «тамаша болчу» деп мылжыңдайт. Тагыраагы, эл өкүлү 29-июнда соцтармакка «Аялдар эмне үчүн эркекти суктандырган кийимдерди кийип, макияж жасары тууралуу өзүнө көп суроо берерин» билдирген. «Кыздын сулуулугуна арбалган жигит кучактап же өбүүгө аракет кылса, ыдык көрсөттү деп чыгышат. Албетте, зордукчул аракеттерди кошпогондо» -деп жаштык кез менен кыз кучактаган курагын шыпшына эңсей…

Кызыктар муну менен эле бүтпөйт. Жогорку Кеңештин бир жыйынында Исхак Масалиевге Каржы министринин өкүлү «Урматтуу Исхак мырза» деп кайрылса, Масалиев: «Мен Исхак мырза эмесмин» деп боорду эзген эле. Айтор, коомчулукту эрмектеп да, эрмек болуп да кеде жаткан Исхак мырзага собол узатуунун кезмети келип туру.

—Исхакмырза, ооба, откон СССР доору жакшы болгондур. Бирок, ал отуп кетти. Азыр башка доордобуз. Сиз болсо карапайым эле адам эмес, мамлекеттин маанилүү делген кызматтарын аркалап келе жатасыз. Анда неге ошол мыкты доор өңдүү мезгилди кайтарып келүүгө бел байлап кирише албай жатасыз? Азыр деле ошол СССР доорунун жыргалын элицизге кайтарып келүү үчүн жан үрөсөңүз болот беле? Шыпшынып олтура бербей. Баса, карылык доордун босогосун аттаганы атасызбы же жаштык менен коштошо албай жатасызбы? Дегеним, «кыз кучактап өөп», «Макияж, аялдардын кийими» деген сыяктуу ойлорду ачык ыргытууңузга эмне түрткү болду?Баарынан да кызыгы, «Мен Исхак мырза эмесмин» -дедиңиз. Анда эмне, мындан кийин сизге «айым» деп кайрылуу керекпи? Дегеле, акыркы убактагы «рамкадан» чыккан «секириктериңизге» эмне себеп болууда?

Камчы Кадыров

Булак:  De – Факто

Аргумент.kg
Жооп калтыруу