Исмаил Исаков, генерал-лейтенант, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы: “Коопсуздук кеңешинде көтөрүлгөн маселелерди аягына чейин чыгарганга Жээнбековдун күчү жетет”

— Исмаил аке, президент Сооронбай Шарипович жакында коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, ал кеңешмеде өлкөбүздөгү укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү, күч кызматкерлеринин иштерине болгон шалаакылык жүрүштөрүн айтып, баарына бирдей муш кезеди. Президент мындай жалындуу кептеринин өтөөсүнө чыгып, укук коргоо органдарындагы “ажыдаар коррупционерлерден” арыларына ишенсек болобу? Же ал кишинин кыйкырганы айткан жеринде калабы?

– Биринчиден, президенттин көп нерселерди оңдогонго духу да, күчү дагы жетет. Кудай буюрса, Сооронбай Шарипович айткан айткан сөзүнүн аягына чыгып, баштаган иштеринин акырына барат. Президенттик шайлоонун алдында бүгүн коопсуздук жыйынында көтөргөн көйгөйлүү маселелердин басымдуусун көтөрүп, жеңишке жетишсе баарылап коррупция баштаган кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзөрүн, аны ооздуктаганга бар аракетин кыларын айтып, эл алдында убада берип келген. Мен бүгүнкү президентти билген адам катары, ал киши айткан сөзүнө турарына толук ишенем. Ошол эле күрөшкөнгө президенттин тажрыйбасы жетет.

– Тажрыйбасы жетсе, күч органдарын, жалпы өлкөнү булгаган кызматкерлерди кызматтарынан шыпырып, кууп чыкканга неге барган жок?

-Биринчи эле жыйында баардыгын алып койгон өзү туура эмес болуп калмак. Ар кандай ой-пикирлер жаралып калат эле. Анткени, анын президенттик ишине киришкенине үч айдын жүзү болду. Бул аралыкта уюшулуп, чырмалышып, тамырлашып калган коррупциялык схеманы 1-2 же 6 айдын ичинде баардыгын ордуна коюу кичине туура болбой калат. Ал үчүн коррупция менен күрөшүүдө жалгыз гана президентке милдетти жүктөп коюп, карап отура бербей, Жогорку кеңеш, өкмөт, жергиликтүү бийлик бийлик баштаган органдар, жарандык коом менен журналисттер баардык маселелерди ачыкка чыгарып айтып турсаңар, ошондо иштен жыйынтык болот эле. Албетте, президент да өзү жалгыз аракет кылат. Бирок, баардык тарап бирдей колдосо жакшы ийгиликке жеткенге мүмкүнчүлүк болот.

– Коопсуздук кеңешинин жыйыны жалындуу жүрүш менен жыйынтыкталды. Президент катары Жээнбеков үч айдан бери иштеп келе жатканы менен ушул аралыкка чейин коопсуздук кеңешинин катчысын дайындабай эле келе жатканы кандай? Коопсуздук кеңешинин катчысын дайындабай жатса, иштен кандай жыйынтык болот?

– Ал иштерди президент өзү чечсе керек. “Катчы болуп калганда эле бардыгын алдыга жылдырып коет” деген түшүнүктөн алыс болушубуз зарыл. Албетте, коопсуздук  кеңешинин катчысы болгондо ал тармакка жакшынакай жардамын бермек. Менин оюмча, президент убактылуу кызматка деле адистерден бирөөнү дайындайт го?

Булак: «Азия news»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу