«ИСЛАМ МАМЛЕКЕТИНИН» БОЕВИКТЕРИНИН ЖАНЫНАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ПАСПОРТТОРУ ТАБЫЛДЫ

Каганат.

Ирактын жоочулардан бошотулган Тал-Афар шаарынан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына таандык паспорттор табылды. Бул тууралуу Риа Новости агенттиги жеке булактарына таянып билдирди.

Маалыматтарга караганда, анда табылган жүздөгөн документтер текшерүү үчүн атайын кызматтарга өткөрүлүп берилди.

Орусиялык журналисттер билдиришкендей, алардын көбү Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жана Судандын жарандарына таандык. Арасында документ ээлеринин Ооганстандагы, Сириядагы жана Ирактагы согуштарга катышкан мөөнөттөрү көрсөтүлгөн жазуулар да табылган.

Тал-Афар шаары террорчулардын Ирак менен Сириянын чек арасындагы ири таянычы болуп келген. Ал «Ислам мамлекетинин» бошотулган борбору Мосулдун батыш тарабында жайгашкан.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу