“Иска Строй” ишканасынын директору Нарынбек Сариев ажырашып кеткен аялынын үйүнө уурулукка кирген

 “Иска Строй” курулуш ишканасынын Башкы директору Нарынбек Сариев жакында эле ажырашып кеткен аялы Анара Сариеванын үйүнө уурулукка кирип, ашканадагы идиштердин көпчүлүгүн уурдап кеткен.

Бул тууралуу бизге анын мурдагы жубайы Анара Сариева билдирди. Айтымында Нарынбек Сариев Бишкек шаарынын Совет-Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Фирдаус» деген аталыштагы кафе иштетип, аталган идиштер керек болгон. Бул боюнча Октябрь Райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылып, идиштер Нарынбек Сариев иштеткен кафеден табылып, акт түзүлгөн.

Нарынбек Сариев “Иска Срой” ишканасынын Башкы директору. Ал, өзүнө таандык ишкана курмай болгон үйдүн 120 кардарынан 4 миллион АКШ долларына жакын акча каражатын чогултуп алып алдап кеткен. Учурда Сариевдин компаниясынан үй алабыз деген кардарлар убада кылган батирлерге ээ болбой, берген акчаларын кайтара алышпай жүрөт.

Ошондой эле Нарынбек Сариев өткөн жылы Анара Сариеванын “Лексус – 570” үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен сатып жиберип, ал боюнча учурда “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Жакында эле Нарынбек Сариевге акчасын алдатып жиберген кардар көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан бой таштап өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасап, аны көргөндөр сактап калышкан. Аталган жерде Нарынбек Сариев дагы болгон тасма бар.

Видеонун шилтемеси: https://www.youtube.com/watch?v=6bNTggazaKA&feature=youtu.be 

Нарынбек Сариев 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Республика-Атажурт” партиясынан депутаттыкка аттанган.

Мурдагы жубайы Анара Сариеванын айтымында Нарынбек Сариев үй кызматкерлеринин жана аны кайтарып жүргөн жан сакчыларынын айлык маянасын дагы бербей жүрөт. Карыздары көп болуп кеткендиктен ал үйгө уурулукка кирген деп эсептейт.

Булак: Искра.кж

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу