Иса Өмүркулов: Юстиция министри университетте 2ге окуган окшойт

Бүгүн ЖКда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Юстиция министри болуп элге эч эле билинбей, жогорку жактагылардын “куурчагындай” болуп иштеп жаткан Уран Ахмедовдун катуу уяткарды. Аталган министрлик демилгелеп чыккан мыйзам долбоорунун катасы көп, эрежеге туура келбегендиктен Иса мырзага такыр жаккан эмес. Андыктан, ал: “Бул эмне деген мыйзам, мыйзам деген так жана түшүнүктүү болуш керек. Силер ЖОЖдо ушул үчүн окуттуңар беле?” – деп кесиптеши КСДПчы Канат Керезбековдон сураганда, ал “Эми мен баарына күнөөлүү болуп калдым”­деп тамашалады. Андан соң, лидер: “Кыязы, биздин министр юстиция университетте 2ге окуган окшойт” – деп катуу айтты. Туура, айтчу сөздү ушинтип эле айтыш керек. Япониядан билим алып келди, укмуш билимдүү деген министрдин деңгээли ушул болсо, анда билимдүүлөргө жыргаптырбыз. Ал Керезбековго да бекеринен кеп салган жок. Анткени, Канат мырза узак жылдар бою кыргыз

Булак: Чагылган

Аргумент.kg
Жооп калтыруу