Иса Өмүркулов Финчалгын кызматынын аракетин чыккынчылыкка теңеди

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркулов өкмөткө караштуу Финансылык чалгын кызматынын коммерциялык банктардагы уячалар жана эсептер боюнча маалыматты алуу аракетин чыккынчылыкка теңеди. Бул тууралуу Өмүркулов парламентте «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууну талкуулоо маалында билдирди.

Өмүркулов «Коопсуз шаар» долбоорунун айланасындагы акыркы жылдардагы абал өлкөгө келүүнү каалаган инвесторлорду качырып жатканын айтып, Финансылык чалгын кызматынын кийинки күндөрдөгү аракети буга мисал болгонун белгиледи.

– Кечээ күнү Финансылык чалгын кызматы бардык банктарга кат жазып жибериптир, ушундай кийин келем деп аткан инвестор да эми келеби? Ошондой адистин өлкөгө, мамлекетке кереги барбы? Ал чыккынчы. Мыйзамды билбейт, бүгүнкү шартты билбейт. Ар бир адис эртең менен тура калып эле ушинте берсе эмне болобуз? – деди Өмүркулов.

Буга чейин Интернетке Финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Гуламжан Анарбаевдин «өтө маанилүү» деген белги коюлган, коммерциялык банктарга
жиберилгени кабарланган каты жарыяланган.

Документте «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамды аткарууга байланыштуу 17-декабрга чейин бардык кардарлардын эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүү талабы коюлган.

Бирок банк тармагы боюнча эксперттер Финчалгындоо кызматынын талабын мыйзамсыз экенин айтып жатышат.

Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу