ИСА ӨМҮРКУЛОВ ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА КӨРСӨТМӨ БЕРЕТ

Бүгүн, 18-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жактоочулар КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду күбө катары сотко чакыруу өтүнүчүн келтиришти.

Сот Эрнис уулу Айбек бул өтүнүчтү канааттандырды. Эми Өмүркулов күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко чакырылат.

2010-жылы Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри жана Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болчу.

Эске салсак, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу