Иса Өмүркулов премьерликти доолайбы?

Иса Өмүркуловдун заманы өтүп бараткандай сезилет. Жогорку Кеңеште азыр башкалар бригадир. Мурунку президенттин лөктөрү Чыныбай сыяктуулардын таасири өтө төмөндөп кеткен. Кирген-чыкканга экс-ажо Атамбаев “Өмүркулов мени жети жолу саткан, мен аны кайра- кайра кечирип атып, мына азыр ушул күндү көрүп атам” деп өкүнөт экен. КСДП фракциясынын жетекчиси болуп туруп, Атамбаевдин партия төрагасы катары чыгарган чечимдерине баш ийбей, мисалы, Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылышы боюнча суроону азыркыга чейин козгой элек. Ошентип Атамбаев жак менен мамилени токтоткон Өмүркулов башка эски досу-классташы Сооронбай Жээнбеков менен деле саламы түз эле болбосо, иш жылытаарлык кызматташуусу жок. Бирок ага Өмүркуловдон башка күнөөлүү киши жок. Исаны парламентке деле спикер кылууга даяр экен президент, бирок депутаттар ага карамандай каршы болуп чыгып атышса, эмне кыла алат? Акыркы кезде спикер боло албаганына көзү жеткен Өмүркулов өкмөт башчылыгын көздөп баштаптыр. Жаңы Конституция боюнча, Өмүркулов премьер-министр же анын биринчи орун басары болгон күндө дагы, депутаттык мандатынан ажыратылбайт. Депутаттардын көнүлүн алыш үчүн, дегеле алар менен учурашпаган Өмүркулов акыркы бир канча жумадан бери ар бирөөсү менен ийилип саламдашып калганынын айтышууда.

Булак: “Жаңы Ордо”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу