Иса Өмүркулов президенттикке талапкер же премьер- министр боло албай ызасы ичине батпай, жарылганы турат…

Жогорку Кеңеште жаңы коалиция кайсы фракциялардын ортосунда куралат, ким
премьер-министр болот деген суроонун айланасында чоң оюндар жүрүп, бири-бирин
аңдыган, таарынышкан эле эл өкүлдөрү. Өзгөчө же президенттикке талапкер боло албай,
же премьер-министр болосуң деген убада укпай, КСДП фракциясынын лидери Иса
Өмүркулов катуу кападар. Ушул тапта таарыныч, ызасы ичине батпай, жарыла албай
турган чагы. Бул кырдаалды «Ата Мекен», «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс»
фракцияларынын лидерлери өз кызыкчылыгына пайдаланууга катуу аракет көрүшүүдө.
Албетте, саясаттын күңгөй-тескейин жакшы билген Иса мырза оңой эле интригага
алдыра койбойт дечи, бирок тойдум байдын кызына деп, каалганы сыртынан тарс
жабышы мүмкүн…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу