Иса Өмүркулов менен Канат Исаев эми Атамбаевди коркута башташтыбы?

Чүй кланынын көрүнүктүү өкүлдөрү, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен “Кыргызстан” фракциясынын экс-лидери Канат Исаевдин таасири күчтүү гезиттердин бири өзүнүн акыркы санында “парламенттин депутаттары Алмаз Атамбаевди  президенттик кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча кутум уюштура башташты. Ага бийликтин Иса Өмүркулов менен Канат Исаевге каршы кылмыш иш козгогону себеп болуптур” деген маалыматты таратты. Албетте бүгүнкү чөнтөк парламент Иса Өмүркулов менен Канат Исаевге каршы кылмыш иши козголгонуна нааразы болуп, Атамбаевге каршы кутум уюштура албайт. Болгону бул ошол эле кылмыш иши козголгон депутаттардын Атамбаевге болгон ультиматуму. “Эгер оюнуңду токтотпосоң сени кызматыңан мөөнөтүнөн мурун кетирүү боюнча интрига уюштуруп коюшубуз мүмкүн” деген эскертүүсү.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу