Иса Өмүркулов ара жолдо калдыбы?

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов эки достун тек ишенимине кире албай, ара жолдо калганы айтылууда. Азыр фракция лидеринин абалы оор дешүүдө. Кыйышпас достордон болуп жүрүп, ишенимден чыгып калуу кыйын да. Атамбаев болсо Исанын атын укканда араң эле өзүн кармап калчу деңгээлде экен. Жээнбеков болсо Өмүркулов менен эсептешпей жатканы көрүнүп эле турат. Өмүркулов өзүнүн кадрларын кызматтарга коё албай, бийликке нааразы болгонун “Кадрлар кесипкөйлүгүнө карабай эле, жакындыгына, тааныштыгына, куда-сөөк экендигине карап мамиле болууда” деген сөзү менен билдириптир. КСДПнын депутаттары болсо Өмүркуловдун айтканына ишенүү кыйын, жылмайып баарын жайлайт, фракциядан алып түшсөк болот эле деп шымаланып турушат. Андыктан, КСДП жакында жаңы фракция лидерлүү болуп калышы толук ыктымал.

Булак: «Жаңы Ордо» 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу