Исакунова министрликти үй-бүлө менчигине айлантканбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова менен анын орун басары Лунара Мамытова кызматкерлерге келген чакырууну өзгөртүп, чет жакка өзүлөрү, кээде үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу барып жүргөнүн, премьер-министр уруксат бербей койсо дароо өргүүгө чыга коюп кетип калышаарын, дипломаттык паспортту эс алуу мезгилинде колдонуп жүрүшкөнүн айтып чыкты. Мындай билдирүүнү министр Исакунова “жалган” деп танууда. Натыйжада, бул жагдайды иликтоого алган Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортту жеке кызыкчылыгына колдонгон фактылар аныкталганын кабарлады. Учурда аны текшерүү жана министрликтин жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берүү жагы каралып жатат. Эми Исакунова баш болуп, орун басарлары тош болуп абийирлери ачылабы же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы күтө туралы…

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу