ИСАКОВ: “МЕН КУДАЙ ЭМЕСМИН LIGLASS TRADING КАРАЖАТ КОТОРОБУ ЖОКПУ БИЛБЕЙМ”

“Мен кудай эмесмин Liglass Trading компаниясынан акча келеби же жокпу билбейм”,-деди бүгүн, 25-августта ЖКнын жыйынында премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков.

Ошондой эле ал чехиялык Liglass Trading компаниясынын жылдык кирешеси канча экенин дагы билбей турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Liglass Trading Кыргызстандын «РусГидро» компаниясынын алдындагы карызын, 37 млн долларды төлөө үчүн сентябрдын ортосуна чейин каражат которуусу керек болчу.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти Чехиядагы жеке менчик компания курмай болгон. Ал тууралуу келишимдерге 10-июлда Бишкекте кыргыз өкмөтү менен Liglass Trading CZ. SRO компаниясынын өкүлдөрү кол койгон.

Андан соң чехиялык aktualne.cz жаңылыктар сайты “Белгисиз чех компаниясы Кыргызстанда миллиарддаган акчага ГЭС курат” деген макала жарыялагандан кийин бул фирмага өкмөттүн ишеним артканы кызуу талкуу жаратты. Компания менен кызматташпоого чакырган өкмөттүк документтин көчүрмөсү делген кат да интернетте тараган.

ГЭСти куруу боюнча алгач Орусия менен макулдашып, жарым-жартылай иш аткарылган кезде токтотулган. Орусия тарап аткарган иштер үчүн 37 миллион доллар төлөп берүү талабын койгон.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу