Исаков, Иманкулов, Арапбаев баштаган инсандарга президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Адамдын кадыр-баркы — таза эмгек, ак ниет мамиле, мекенчилдик сезим менен гана бааланышы зарыл», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-январда мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, аксакалдар, энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеев, генерал Исмаил Исаков, профессор Сыртбай Мусаев, алыскы тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаева, балдар акыны Каныбек Жунушев, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшев, сатирик Абдылда Иманкулов, профессор Любовь Зубехина, депутат Азамат Арапбаев, зоотехник-селекционер Орозбек Алимжанов жана башкалар мамлекеттик наамдарды алышты.

«Бүгүн жөнөкөй жумушчудан тартып, окумуштуу-академик, таланты менен таанылган маданий ишмерлер, мугалимдер, врачтар, айыл чарба, транспорт кызматкерлери, өндүрүшчүлөр, бизнес өкүлдөрү, калкты тейлөө кызматынын алдыӊкылары, маалымат кызматкерлери сыйлыкка татыктуу болуп отурасыздар. Бүгүн сиздер менен, так ушундай, эмгек менен абийир таап, өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн түз таасир этип жаткан мыкты мекендештерибиз менен жүз көрүшүп жатам», — деп белгиледи Президент.

Булак: Калыс Медиа 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу