Исаковдун ордуна Өмүрбек Бакиров депутат болот

КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке жаңы депутат келет – Бакиров Өмүрбек Мырзараимович. Ал Музаффар Исаковдун ордун басат. Бул тууралуу “Калыс Медиага” ишенимдүү булак билдирди.

Өмүрбек Бакиров 40 жашта. Ош облусунун Араван районунда төрөлгөн. Жогорку Кеңеште бешинчи чакырылышта “Ата-Журт” партиясынан депутат болгон.

Музаффар Исаков парламент депутаттыгынан кетүү арызын Боршайкомго бергени белгилүү болгон. Себеби өз каалоосу менен деп көрсөтүлгөн. Ага буга чейин айыл өкмөт болуп турганда айыл чарба жерлерин турак курууга берген деп коррупция беренеси менен айтып тагылган.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу