Исаковдун «итергич» досу Мамбетов манаңдаганда…

Эсиңиздерден али кете электир. Жай мезгилинде Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов деген эргул коомчулукка өтө атактуу болуп чыга келбеди беле. Билесиңер да эки мэрдин сөгүшкөн аудиосу жарыяланганын.

Ал аудионун “каармандарынын” бири Алмаз дегени абдан “таланттуу” мырза экен, куюлуштура сөгүнгөнүн угуп олтуруп кулак түшүп калган. Ошол “таланттуу” Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мурунку мэри Сатыбек Шамшудиновду телефон аркылуу ой-даа ашаткан. Шамшудинов дегени да сабыры бекем эр экен. Мамбетов ит жебеген бокту жеп сөгүнүп атса да карманып, салабаттуулугун көргөзгөн. Мына ошол сөгөнөөк эргул Сапар Исаковдун досу имиш. Чогуу окушуптур. Эми ушу күндөрү бул Алмаз деген “итергич” – “эми мен каалаганымды кылам, билгениңерди кылып алгылага” өтүптүр. Абдан сылык, маданияттуу көрүнүп аткан Сапар Исаков буга не дейт болдукен эми?

Булак: “Майдан”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу