Исаковго ишенебизби же интернеткеби?

Ооба, коомчулук чиновниктердин өзгөчө жүрүштөрүн сындап келген. Маселен, өкмөт мүчөлөрүнүн көчөдө жүрүшү көп талкууланчы. Бул кептер кулагына жеткенби, же чындап өзгөрүүнү баштаганбы айтор өкмөт башчы Сапар Исаков кортежди коштогон унааларды азайтыптыр. Өз сөзүндө Исаков “Мен МАИ кызматкерлеринин автоунаасын кортеждин катарынан алып коё алдым. Мени МАИ кызматкерлеринин автоунаасы коштоп кетүүсү зарыл эместигине аларды көндүрдүм. Себеби менин эсимде, жолдон кортеж өтүп баратканда ар дайым чоң жол тыгыны пайда болчу” – дейт. Ошол эле маалда социалдык тармактарда Сапар Исаковдун кортежи жөө жүргүнчүнү жол өтмөктөн өткөрбөй койгон видео да жарыяланып, чиновниктердин мындай кылыктарына наалат айткандар да арбыды. Айтор ушу тапта Исаковдун бул айтканы менен анын шаар ичинде жүрүп бараткандагы кылыгы эки ача чыгууда. Кимге ишенебиз? Же бул «балашка» да куру популизм менен алектенип, айтканы башка да кылганы башка болуп жатабы?

Булак: Майдан

Аргумент.kg
Жооп калтыруу