Исаковго ийгилик жылмайдыбы?

Мурдагы коргоо министри, КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болгон Исмаил Исаков 3 жылдан бери кызматсыз бош жүрөт. Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына каяша айтып, бийликке суук-селки көрүнүп алган жайы бар.

Натыйжада 2015-жылкы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо эч ким кошпой коюп, «Азаттык» партиясын жетектеп өзү аттанган. Республика боюнча чеке жылытпаган добуш алган. Андан кийин саясий аренадан сүрүлүп калды. Жакындан бери президент Сооронбай Жээнбековду жандап баштады.

Сыягы, кайсы бир кызматка баруу үмүтү ойгонду көрүнөт. «Ала-Тоо» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына арналган 31-августтагы салтанаттуу иш-чарада президенттик аппараттын жетекчилери, коопсуздук кеңешинин катчысы менен жанаша отурганы президенттин айланасынан кызмат орун тийгенден кабар берди. Өлкө башчысына кеңешчи болдубу же Коопсуздук кеңешинен кызмат тийгени белгисиз…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу