Ирландиялык ырчы Шинейд О’Коннор ислам динине өттү

Ирландиялык ырчы Шинейд О’Коннор ислам динине өткөнүн жарыялады. Ал аты-жөнүн Шухада Давитт деп өзгөртүп, жоолук салынган сүрөтүн Интернетке жайгаштырды. Мындай кадамын ырчы Кудайга жаккан ишти издөөнүн жыйынтыгы деп түшүндүрдү.

О’Коннор «Твиттердеги» баракчасы аркылуу жалпы мусулмандарга алардын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бир күн мурда ирландиялык имам Умар аль-Кадри О’Коннордун мусулманчылыкка өтүүгө ант берип жаткан видеону социалдык тармактарга жайгаштырган.

Шинейд О’Коннор 1990-жылы «Nothing Compares 2 U» («Сага эч кимди салыштырса болбойт») деген чыгармасы менен таанылган. 1992-жылы ал телевидениедеги түз эфирлердин биринде Рим папасынын сүрөтүн тытып салып, ызы-чуунун чордонунда калган. Анын бул кылыгы нааразылык жаратып, көп кишилер ырчынын концерттерине барбай коюшкан. Ошондон улам О’Коннордун чыгармачылыгы аксап, кийинки чыгарган альбомдору ийгиликке жете алган эмес. Кийинки жылдары ал депрессиядан жабыркап жүргөнүн былтыр өзү Интернетке жарыялаган кайрылуусунда ачык айткан.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу