Ири коррупционерлерден кустурулган каражаттар 550 млн. сомдой болгон

Сот системасындагы бюджетти түзүүдө ошол тармак өз керектөөлөрүн аныктап, эсебин чыгарат. Андыктан, Өкмөт менен келишпестиктер жок, — дейт депутат Курманкул Зулушев бүгүн, 15 – ноябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Сот десе эле судьялар алып жаткан маянаны элестетүү жарабайт. Сот аппаратында иштеп жаткан катчылар,  иш кагаздарын жүргүзүүчүлөр сыяктуу айлыгы аз, мээнети күч адистер бар. Азыр алардын тапкан кирешеси 7- 8 миң сомдон ашып – ашпайт. Ошондуктан, айлыкты жогорулатуу маселеси курч турат, — дейт депутат.

Сот реформасына ылайык, кошумча штаттык бирдиктердин эсеби 187ни түзөт. Алардын айлык акыларына, — деп 427 млн. сомдон ашык каражат каралууда. Бул тууралуу уктурууга катышкан КР Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди.

Борбордук казынада атайын депозиттик эсеп ачылган. Анда ири коррупциялык иштерге аралашкандардан өндүрүлгөн каражаттар топтолот. Соңку көрсөткүчтөр боюнча аталган эсепке 550 млн. сомго жакын каражат келип түшкөн. Арасында салыктык төлөмдөр дагы бар. Ал 211 млн. сомду түзүп, толугу менен республикалык бюджетке которулду — дейт КР Каржы министринин орун басары.

2004 –жылы сот системасынын бюджет көлөмү – 140 млн. 423 миң сомду түзгөн. Улам жылдан — жылга суроо – талап жогорулап олтуруп, алдыдагы 2019 – жылга болжолдонуп жаткан сумма  болсо 2 млрд. 154 млн сомго жетип олтурат. Акырындык менен сот тармагынын бюджети республикалык бюджеттин чыгашасынын 2 %ына туура келгидей болуп аныкталышы керек. Мындай маалыматтар менен КР Сот департаментинин статс – катчысы Сталбек Калмаков тааныштырды.

Ошондой эле сот тармагына караштуу имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, айрым райондордун жаңы имаратка ээ болгондору да бар. Мисалы, Чаткал, Чоң – Алай райондорунда сот структуралары жаңы конуштуу болушкан, — дейт адис.

Сот системасында котормочу адистер тартыш. Бирок, аларды туруктуу ишке алуунун мехнизмдери жок болгондуктан, маселе чечилбей келет. Бул кыргыз тилинен орус тилине, же орус тилинен кыргыз тилине которуудагы көрүнүштөр. Убактылуу котормочуларды ишке тартууда саатына каралган төлөм 1200 сомду түзөт. Ал эми сурдокотормочуларга келгенде, аларга төлөнүүчү акылардын аныкталбагандыгы өзүнчө көйгөй, — дейт КР Сот департаментинин ресурс булактары башкармалыгынын башчысы Аида Асаналиева.

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу