Ириң….

КСДП фракциясынын Ирина Карамушкина деген депутаты бар, «сокур ичегидей» болгон. Кыргыздын суусун ичип, кыргыз жеринде жашап жатса да кыргыз элине урмат- сый менен эмес, ар качандан бир качан «шовинисттик» көз караштан мамиле жасайт. Кыргыз улутунун баалуулуктарына байланышкан маселелерге дайыма тескери пикирин билдирип, кыйгачтап турат. Өзгөчө тил маселесине келгенде кыргыз тилин жерип, орус тили үстөмдүк кылышына эки көзү төрт. Мына кечээ жакында дагы «Орус тили мамлекеттик тил болсун»- деп айкырып чыкты. Деги бул депутат «сөрөйдө» кыргыз элине болгон жек көрүү сезими качан тыйылат. Тыйылбаса тыйып койчулар барбы? Бул депутат жанды жай алдырбай сыздаткан «ириң» болду го….

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу