Ириткич Иранын интригасы жанданып…

Кыргызстан деген өлкөбүз. Башмыйзамда өлкөнүн титулдук улуту Кыргыз эли дел жазылып турат. Албетте, бул жерде башка улуту кемсинтүү же жектөө деген жок.

Болгону айрым бир адамдар так ушул өлкөдө туруп алып, тескери “ушатканы” нервиңди жейт. Маселен, депутат Ирина Карамушкина кезегинде кыргыз калпагына асылса, бир туруп орус тилине мамлекеттик статусту берүү тууралуу дөөрүгөнү бар. Бул аял ар кайсынын башын бир чалып, ар качан интрига менен алектенип келет. Дегеним, ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында Башкы прокуратура эмнеге мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кызматтан кетүүсү боюнча иш алпарбай жатканына кызыкты. Өз сөзүндө: “Мен өзүм да акыркы тендерге катышкам. Арыздар ачылып жатканда камерага тартылган. Бирок эмнеге Мелис Турганбаев бул тендердин акырына чыга алган жок дагы кызматынан кетип калды? Ким жоопкерчилик тартат? Тендер таза жана ачык өткөн. Анан эле айрымдар оң жак сол жактан алышып эле, тендерди бурмалашты. Эмнеге ал (Мелис Турганбаев – ред.) кетти? Эмнеге Башкы прокуратура бул боюнча иш алпарбайт?”-деп опурулду. Арийне, тобоо дегиң келет. Бул “интриган” Ира айым так ошол Турганбаевди кызматтан алып жатканда эмнеге: “бул киши долбоорду бүтүрө элек. Бүтүрсүн же жооп берсин, анан кетсин”-деп бир ооз сөз айта албады? Качан иш бүтүп, эбак тема жабылган соң божурай берүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Деги бул айым каалаганын сүйлөй берүүсүн качан токтотот? Тескөөчү бирөө барбы?

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу