ИРИГЕН ООЗДОН ЧИРИГЕН СӨЗ ЧЫГАТ. АТАМБАЕВ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН САЯСАТЧЫЛАРДЫ БОКТОДУ

“Кетээр кыздын керээзи, кейип калсын жеңеси” деген жакшы сөз бар кыргызда. Ал эми алысты көрө албаган президент Алмазбек Атамбаев бул сөздүн төркүнүн түшүнбөсө керек. Дегенибиз президенттиктен кетерине аз калган ажо акыркы убактарда аша чаап, өтө ыплас сөздөрдү сүйлөй баштады. Атамбаев кыргыз элин каалагандай атап, кыргыз саясатчыларына лакап ат коюп, бийик трибунада оозуна ак ит кирип кара ит чыккан учурлары өтө көбөйүп баратат.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен биргеликте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып дагы Атамбаев саясатчыларды жана журналисттерди боктоп өттү.

Мародёр, сасык деген сөздөрү бүтүп эми түз эле б.кко салыштырмай башталыптыр. Ооба, ооба, өлкө башчы айрым журналисттер, укук коргоочулар жана саясатчыларды б.кко теңеди.

Анысы аз келгенсип 7 жыл ичинде чачы агарганына кейип, далай нерви кеткенин, далай каны сорулганын айтты Атамбаев. Кимди кантип жамандасам, кимди душман кылсам, кайсы журналистти сотко берсем деп ойлонуп жатып чачы агардыбы белгисиз.

Астана көргөзмө комплексин курууга 3 млрд доллар коротконун, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 3 млн сом сарпталганынан бир жыл өтсө дагы нааразы болгондор көп экенин айткан Атамбаев «Свинья грязь всегда найдет» деп бакылдады. Айрым кыргызстандыктарды чочкого салыштырганга президенттин укугу бар беле? “Ириген ооздон чириген сөз чыгат” деген жакшы макал бар. Ажо болгон соң алды-артын карап сүйлөсө болбойт беле?

Өлкөдө болуп жаткан алгылыктуу иштерди эч ким көрбөй жатканын, андай адамдар көр экенин да айтты ажо.

Өлкө башчы өз элин жамандоо менен аброй топтой албасын качан аңдап, качан түшүнөт азырынча белгисиз. Эми ажо элдин эсинде чачы ак, каны аз, нерви жука жана б.к ооз президент катары калмай болду окшойт.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу