Ирандын батыш аймагында 26-ноябрда таңга жуук күчү 6,3 баллга жеткен жер силкинүүдө бери дегенде 400 адам жабыркады. Өкмөт азырынча курмандыктар бар же жогу анык эместигин билдирди.
АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, термелүүнүн очогу Ирак менен чек арага жакын Илам шаарынан 114 км түндүк-батышта орун алды.