Ипотека элди сыздатууда

Бактыбек Шамкеев деген кыйын чыкмабыз жетектеген Кыргыз өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) деген тармагыбыз бар. Негизги максаты үйү жок жүргөн жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу.

Бирок, кантип, кандай негизде, кандай план менен иштеп жатканы эч кимге белгисиз. Ал эми үй алуу максаты менен барган жаштарыбыз нааразычылыгын билдиришүүдө. Кененирээк айта турган болсок, үй алуу үчүн МИКге барган жарандарыбыздан дароо эле, «үй-бүлөдө канча адам иштейсиңер, канча айлык аласыңар» деп сурайт экен, алар маянасын айтаары менен «силердин айлыгыңар ипотека менен үй алганга жетпейт экен» деген орой жообун берип, жолго салат экен.

Кызык, азыр мамлекеттин ахвалы барына дайын, бюджеттин көзүн карагандарда чоң маяна жок. Андыктан, башка жолдорун таап, жок дегенде жылуу-жумшак жооп бергенге көнүшпөйбү? Элге шарт түзбөй, мамлекеттин эсебинен олчойгон айлыкты кемирип отурган мындай компаниянын кимге кереги бар? Бул боюнча кийинки сандарда кеңери сөз кылабыз.

Булак: «Де-Факто»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу