Интернетке тараган «порно» видеодогу жигит Мыкы экендиги айтылууда. «Мыкыдан мыкты шоу…»

Интернет булактарында Мыкыга окшош делген баланын «порно» видеого түшүп калганы кызуу талкууга алынууда. Баланын тамашоучу Мыктыбекке окшош экендиги, ал турсун аты да Мыкы экендиги элди таң калтырды. Видео коомчулукта «скорпион» деген каймана ат менен таанымал болгон Зарина аттуу кыз тарабынан тартылганы айтылууда.

Чуулгандуу видео интернетке тарагандан аз убакыт отпой Мыктыбек «ал видеону мага жибергенди токтокула, ал мен эмесмин» -деп инстаграмдагы жеке баракчасына пост жазды.

Көпчүлүк «Мыкы эркек», «жарайсың», «эркекчиликте болуп турат» деген пикирлерин жазып калтырышууда. Бирок айрымдар «уят», «Мыкыдан мыкты видео» деген сыяктуу ойлорун да айтышууда.

Пикикр айткандардын катарын окуядан 1 күндөн кийин Мыкынын достору алардын ичинде коомчулукка тамашоучу катары таанылган Актан Рыскелдиев да толуктады. Ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына:

«Мыкы мага бир тууган инидей болуп калган. Буга чейин жаман жерин көргөн эмесмин. Болоор иш болду. Кыз акылсыз экен. Мыкы мас экен, эсинде жок. Аны урушкандан пайда жок. Баардык адамдарга сабак болсун, азыр заман башка. Хайп үчүн баарына даяр заман», -деген маанидеги пост жазып чыкты.

Ага кошумча шоу-бизнестин бир катар өкүлдөрү да «Мыкы эркек», «эң чоң Мыкы шоу» деген пикирлерин айтышууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу