Индонезияда бүгүн Азия оюндары расмий ачылат

Индонезияда 18-августта жайкы Азия оюндары расмий ачылат. Баш калаа Жакартадагы Олимпиада шаарчасында башка мамлекеттердин катарында Кыргызстандын желеги да 17-августта көтөрүлдү. Аземге Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Ырысбек Мааткабылов баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.

Жайкы Азия оюндарына Кыргызстандан 150 спортчу катышат. 7-августта президент Сооронбай Жээнбеков алар менен жолугуп, улуттук курама команданын капитаны, балбан Каныбек Жолчубековго өлкөнүн желегин тапшырды.

Оюндардын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин волейболчу Оңолбек Каныбек уулу көтөрүп чыгары ушул жыйында айтылган.

Спортчулардын машыгууларына, тамак-ашына, дары-дармегине, мелдеш өтчү шаарларга барууга мамлекеттен 20 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары 28 спорттун түрү боюнча күчтөрүн сынайт.

Таймаштар 2-сентябрда бүтөт.

Булак: Азаттык 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу