Индияда кожойке 120 адамды ууландырып, анын ичинен 5 адам көз жумду.

Индияда кожойке 120 адамды ууландырып, анын ичинен 5 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Индияда кожойке конокторду өзүнүн жаңы үйүнө тойго чакырган. Келген коноктор тамактарын шылдыңдап койгондугу үчүн Прадне Сурвас120 адамды чычкандын уусу менен ууландырган. Натыйжада 80 адам ооруканага түшүп, 5 адам көз жумган.

Белгилүү болгондой, Прадне Сурвас күйөөсүн жана анын үй-бүлөсүн жок кылууну көздөп жүргөн. Анткени алар Прадне келин болуп келгенден баштап кара торулугун жана тамактарын шылдыңдап кетишкен. Мындан улам ал тамакка чычкандын уусун кошуу менен аларды өлтүргүсү келген.

Жергиликтүү мыйзамдар боюнча Прадне Сурвас эми өлүм жазасына тартылат.

БУЛАК: СУПЕР.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу