Индияда зордуктоого кабылган 10 жаштагы кыз көз жарды

Индиянын Чандигарх шаарында зордуктоого кабылган 10 жаштагы кыз 17-августта кесарево жолу менен салмагы 2,5 килограммдык кыз төрөдү. Бийлик өкүлдөрү эне-баланын саламаттыгы дурус экенин билдиришти.

Өлкөнүн Жогорку Соту бул кызга бойдон алдырууга уруксат бербей койгон. Кыз көз жарып жатканын билген эмес. Ага ичеги-карындагы маселеден улам операция болоору айтылган.

Өспүрүм кыз ичи ооруганына даттанып, өткөн айда ооруканага жеткирилгенде кош бойлуу экени аныкталган. Кызды зордуктады деп жакын тууганы камакка алынганы кабарланган.

Кыздын ата-энеси 35-аптада төрөлгөн ымыркайды багуудан баш тартышып, аны асыроого берүүгө макул болушту.

Индиянын соттору бойдон алдыруу мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен бул практикага уруксат берген эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу