Индира Жолдубаева өз арызы менен кетеби?

“Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат” — деп билдирди кечээ мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлер көп» деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле «2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иш козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган» деген статистиканы келтирди.

Коопсуздук кеңешинин кечээги жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралды. Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин, Индира Жолдубаеванын мындан аркы кадамдары кандай болоору белгисиз. Балким, өз арызы менен кетиши да мүмкүн.

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу