Индира Жолдубаева башпрокурор болуп келгенден баштап акчадан жолдуу боло баштаган

Башкы прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылы тапкан кирешесин ачыктады.
Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын расмий сайтына жарыяланды.
Башпрокурордун декларациясында ал өткөн жылы андан мурунку жылдарга караганда
көп суммадагы каражат тапканы анык болгон. 2016-жылы ал 864,1 миң сом киреше
тапса, 2015-жылдагы кирешеси боюнча толтурган декларациясында жылдык кирешеси
478,8 миң сом экени көрсөтүлгөн.
Менчигинде 34 чарчы метрлик батир жана 28,9 чарчы метр аянттагы үйү бар.
Индира Жолдубаева Башкы прокуратуранын башчылыгына 2015-жылдын январында
келгенин эске алсак, кызматтын кыныгын ала баштаганбы деген суроо жаралат.

Булак: sayasat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу