Индеецтер эмнеге нааразы болушту?

Амазонканын жергиликтүү жашоочулары саламаттыкты сактоо системасындагы бир катар өзгөртүүлөргө нааразылыгын билдирген.

Социалдык тармактарда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында жаа кармаган чыныгы индеецтер демонстрантарынын жөө жүрүшүн көрүүгө болот. Бул жөө жүрүштүн катышуучулары болгон гуарани  эли жамааттардагы медициналык жайлардын жабылып, анын функциясы муниципалдык ооруканаларга берилгендигине нааразы экенин бийликке билдиришти. Өткөн шаршембидеги бул жөө жүрүш бир гана Бразилиянын бийлигин ойготпостон нааразычылыгын дүйнөгө таратты. Мындай чуулгандуу жөө жүрүштөн кийин атка минерлери кандай чечим чыгарар экен? ..

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу