Жаз келгенде адамдын организми алсыроого учурап, иммунитетти төмөндөп, бир жумушту жасоого дарамети чаппай калат. Иммунитеттин төмөндөгөнүн кантип билсе болот?
Аны билүүгө арналган беш белги
-Бир жылдын ичинде он жолудан ашык тумоолоп, суук тийип оорусаңыз
-Чачыңыз көп түшүп, муундарыңыз какшап ооруп жана тамагыңызда бирдеке тургандай болсо
-Күчүңүз жок, ардайым чарчаңкы абалда болсоңуз. Таңкы уйкудан ойгойгондо дагы уйкуңуз канбаса
-Эриниңизде учук тынбай чыга берет. Учуктун чыгышы организмде вирустардын көбөйүп кеткендигинен кабар берет. Эгерде иммунитетиңиз бекем болсо, анда вирустардын көбөйүп кетпешин сактап турат
-Гриппке кабылсаңыз ал күчөп, төшөккө жатып каласыз
Төмөнкү жагдайларды өзуңүздөн байкасаңыз, анда азыртан иммунитеиңизди бекемдөөгө аракеттерди баштаңыз.
БУЛАК: zaman.kg