ИМАНАЛИЕВ: “ҮЛГҮЛҮҮ, КӨРКӨМ, ЧЕЧЕН СҮЙЛӨГӨН КАЙСЫ КЫРГЫЗ ЭЛИТАСЫ БАР?”

Кыргыз тили мамлекеттин маселеси. Тилди өнүктүрүү жалпы кыргыз интеллигенциясынын озуйпасы. Мындай пикирин ЖКнын жыйынында депута Каныбек Иманалиев билдирди.

Айтымында, дүйнөдө 7 миң тил  бар. 2 жумада бирден тил жок болуп жатат, 1 айда ондон тил жок болот.

“Кыргыз тилинин 3 керемети бар. Кыргыз тилинин туну 78,8 пайызды түзөт. Түрк тилдеринин ичинде мындай бай тил жок. Түрк тилдеринин ичине байыркысы кыргыз тили. Керемет тилибизди мазактап жатабыз. Үлгүлүү, көркөм, чечен сүйлөгөн кайсы кыргыз элитасы бар? Эң мыкты деген кайсы дикторубуз бар? Бизде кыргыз тилинин үлгүсү жок болуп жатпайбы”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат Кыргызстан түркмөн, тажик,казак, өзбек тилдеринен тилди өнүктүрүү боюнча артта калганын билдирди.

“Кыргыз тилин сактоо коопсуздукка тете. Келечекте кытайлар Конфуций институтун түзгөнгдөй президенттин алдында Кыргызстан институтун түзүп, 1 млрд сом бөлсөк тилди өнүктүрө алабыз. Улутту сактап утрган тил, тарых, адабият. Интернетте кыргыз тилин үйрөнүүчү бекер курстарды уюштурсак”,-деди Иманалиев.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу