Илмиянов Москвада Муса Бажаевдин дачасында жашынып жатат…

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана “шоопуру” Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланганын билдирди.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Икрамжан Илмиянов Кыргызстандан коёндун сүрөтүн тартып чыгып кеткенине 5 айдын жүзү болду. Учурда Москва шаарында.

NazarNews.kg сайтынын өздүк маалымат булактарынын билдирүүсү боюнча Икрамжан Илмиянов Муса Бажаевдин Подмосковьедеги дачасында жашап жаткандыгын уктук.  Эскерте кетсек Муса Бажаев Алмазбек Атамбаев  президент болуп турганда Жер үй алтын-кен компаниясына ээлик кылган. Муса Бажаевдин улуту — чечен.

Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын кишиси жана президенттик аппараттын башчысынын орун басарлык кызматын аркалаган. Саясый чөйрөдө Илмиянов таасирдүү адам болуп, анын кабинетинен бир канча “Сүмбүлдөр” сагалап, бутуна жыгылганы эсибизде.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу