Илим Карыпбеков: ‪”Бүт дүйнө жүзүнө шерменде болдук!”

Учурда Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанындагы жолду торолгон. Укук коргоо органдарынан эл басымдуулук кылат. Тилекке каршы атайын бөлүктүн аскери октон каза тапса, дагы 40 дан ашуун киши жарадар болгон.

Илим Карыпбеков, «‪Бүт дүйнө жүзүнө шерменде болдук!» деген пикирин Фейсбук баракчасына жазып калтырды. Чын эле алакандай кыргыз эли тытышып дүйнө жүзүнө шерменде болдук.

Учурда түз эфирден Атамбаевдин короосундагы адамдардан курал көрүүгө болот. Ошондой эле Кылычбек Султан Кой-Таштагы короодогу жүргөн адамдарда курал бар экендигин тастыктады.

УКМК мындан бир нече саат мурун дагы УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастап, “УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат”, — деп билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу