ИЛИМ КАРЫПБЕКОВ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КОРКУТУУЛАР БОЛУП ЖАТКАНЫН АЙТТЫ

КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков шайлоо алдында ага карата коркутуулар боло баштаганын интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Алардын арасында президенттикке талапкерлер дагы бар экенин маалымат булактарынын бирине билдирген.

ilim karypbekov @ilimkm

Знал, ждал. Сегодня первые цветочки предстоящих выборов проявились! Пошли первые угрозы от активных участников выборов. Толи ещё будет!

“Баары эфирге чыгууну каалашууда. Көпчүлүгү абалдан пайдаланып, окуяларды маалымат катары берүүбүздү каалап жатышат. Бирок үгүт иштери башталгыча биз жарнамалык сюжеттерди бере албайбыз. Биз президенттикке талапкерлигин койгондор тууралуу баардык маалыматтарды чыгарбаганга аракет кылып жатабыз”,-деген ал.

Ошондой эле Карыпбеков айрымдарды пиар кылуудан баш тарткан учурда алардын эмоциялары дароо жүзүнө чыгып жатканын кошумчалаган.

“Шайлоо бүткөндөн кийин башкача сүйлөшүү болору тууралуу коркутуулар болууда, айрымдары мени кызматтан кетирүүгө аракет кылышарын айтышууда. Көйгөйлөр болорун билдиришти, бирок эмне көйгөй экенин так айтышпай эле. Бул башталышы гана деп ойлойм. Кыргызстан үчүн бул шайлоолор тарыхый мааниге ээ. Ошондуктан биз кимдир бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп, эфир бербейбиз. Катуу күрөш болорун түшүнүп жатабыз жана баарына бирдей мамиле кылууга аракет кылабыз”,-деди КТРКнын жетекчиси.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу