Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугунан кетет

Карыпбеков кайрадан талапкерлигин коер-койбостугун ойлонуп жатканын айтты.

2019-жылдын 19-мартында КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыга тургандыктан коомдук каналдын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. Бул тууралуу КТКРнын сайтында маалымдалды.

Карыпбеков анын кызмат ордуна жарыяланган сынак боюнча пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

«Мыйзам боюнча менин кызматтык мөөнөтүм 19-март күнү аяктайт. Ал күнү мен иштеп, 20-мартта жаңы жетекчи кызматка киришет. Ага чейин КТРКнын жетекчисин тандоонун бир канча этабын басып өтүшүбүз керек. Мисалы, талапкерлердин арызын кабыл алуу, документтерин текшерүү, маекке чакыруу деген сыяктуу», — деди Карыпбеков.

Ал эми өзү кайрадан талапкерлигин коер-койбостугун ойлонуп жатканын кошумчалады.

КТРК боюнча мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынактын талабы боюнча талапкерлердин жогорку билими болушу керек. Муну менен катар мамлекеттик тилди эркин билүү, расмий, англис жана башка тилдерди билгендерге артыкчылык берилет. 5 жылдан кем эмес иш жүзүндө жетекчилик иш тажрыйбасы, телевидение менен радионун иштөө принциптерин жана коомдук телерадиоберүүнүн өзгөчөлүктөрүн билүү, түшүнүп-баамдоосу зарыл. Талапкер коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ордун ээлей албайт.Сынакка катышуучу талапкерлер Байкоочу кеңештин төрагасынын атына арызын, түстүү сүрөтү менен кошо өз таржымалын, паспортунун көчүрмөсүн, жогорку билими жөнүндө дипломунун көчүрмөсүн жана башка документтерди камдашы керек. КТРКны өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жазуу түрүндө жана оозеки айтып бериши керек.

Мөөнөтүнөн кечиккен документтер кабыл алынбайт. Документацияга белгиленген талаптар бузулган учурда берилген документтер байкоочу кеңеш тарабынан четке кагылат. Зарыл болгон учурда байкоочу кеңеш кошумча маалыматты суроого акылуу. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Ар бир кийинки баскычка андан мурдагысынан өткөн талапкерлер гана чакырылат.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу